• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күйүп жаткан унаанын айдоочусун сактап калган Рамисбек Рыскулов ӨКМдин медалы менен сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Өтмөк ашуусундагы күйүп жаткан унаанын айдоочусун сактап калган Рамисбек Рыскулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-августунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда чоң жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган. Унаа Тажикстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу 21 тонна жүк алып бара жаткан. Кырсыкка кабылган Volvo ХC70 автоунаасынан өрт чыгып, 61 жаштагы беларустук айдоочу чыга албай калган. Окуянын күбөсү болгон Талас облусунун 53 жаштагы тургуну Рамисбек Рыскулов өз өмүрүн тобокелге салып, өрттөнүп жаткан жүк ташуучу унаадагы айдоочуну сыртка чыгарып, аман сактап калган.

Рамисбек Рыскулов жарандык милдетин так жана ыкчам аткаргандыгы үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик жарандык кызматташтыкты чыңдаганы үчүн” медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Талас облустук башкармалыгынын башчысы Талант Касиев тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий