• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас: Шайлоо участокторунда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Талас облусундагы шайлоо участокторунда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан шайлоо участкаларында жана шайлоо өткөрүлүүчү мекемелерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар жүргүзүлүп, “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылды.

"Бүгүнкү күндө жалпы 117 шайлоо участкасына өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жума ичинде 49 шайлоо участкасындагы 142 адамга инструктаж жүргүзүлүп, жалпысынан 554 кызматкерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айытлат маалыматта.

Талас облусунда бүгүнкү күндө 76 шайлоо участкасын мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте текшерүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий