• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусуна муфтият тарабынан 1,5 миң даана Куран китеби берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Талас облусуна 1500 даана Ыйык Куран китеби берилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, китептер Талас облустук казыятына караштуу 145 мечиттин ар бирине 8 даанадан бөлүнүп берилди.

“Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай: “Силердин эң жакшысы Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөн” дегендей жогорудагы Куранды көздүн карегиндей сактап, ага амал кылалы”, – деди Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 34 миң даана Куран китеби келген.

Пикир

Оставить комментарий