• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талас облусуна сапардын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Талас облусуна сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова аймакта жашоону жакшыртуу жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө ал Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашкан Теодор Герцен атындагы көркөм музейге барды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай музейлер – бул сактап калуу зарыл болгон улуттук маданий баалуулук экенин белгиледи.

«Райондук» статусуна ээ музей 1959-жылы негизделген жана учурда анда ар түрдүү 200дөн ашуун экспонат сакталат. Азыркы тапта музейди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү маселеси иштелүүдө.

Вице-премьер-министр Теодор Герцендин көркөм музейи милдеттүү түрдө өлкөнүн кооз жерлеринин туристтик картасына кирүүсү керектигин баса белгиледи. Бул туристтер республикага келгенде кайсы объектилерге сөзсүз баруу керектигин билүүлөрү үчүн зарыл болуп саналат.

«Өкмөттүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү өз аймагынын брендин алып чыгуу менен алектениши керек, анткени, ар бир аймак кайталангыс жери менен өзгөчөлөнүп турат, аларды туристтерди жана инвестицияларды тартуу менен алга жылдыруу абзел», - деди Алтынай Өмүрбекова жана Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аталган маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр Талас жана Манас райондорундагы балдар бакчасынын, Кара-Буура районундагы «Семетей» кинотеатрынын жана башка бир катар объектилердин абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий