• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жараат алгандарга жардам көрсөтүү максатында 30-апрель күнү түнкү саат 1:00 чамасында Талас облустук ооруканасынан 7 дарыгер (хирург, травматолог) Баткенге жол тарткан.

"Мындай абалда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп гана алдыга жыла алабыз", - деп билдирген дарыгерлерди жөнөтүп жаткан облус башчысы Бакытбек Нарбеков.

Ошондой эле Талас ынтымагы жаштары менен бирге материалдык жана гуманитардык жардам жеткирилери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий