• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунда 18 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Президенттин Талас облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова бүгүн брифингде облустагы эмдөө иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, Талас облусунда эмдөө иштери 2021-жылдын 13-апрелинен башталган.

"Эмдөө иштери үчүн атайын 89 убактылуу эмдөө пункттары ачылып, 262 медициналык кызматкер, 75 ыктыярчылар тартылган. Андан тышкары, мобилдик топтор жергиликтүү активистер менен бирге эмдөө иштерин алып барышууда", - дейт ал.

Жанузакова маалымдагандай, эмдөө иштеринин башынан бери облустун аймагына жалпы жолунан 103 миң доза вакцина (Sinopharm, Спу́тник V жана AstraZeneca) келип түшкөн.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы жолунан 19 миң 537 жаран эмделди, анын ичинен:
- Sinopharm - 18 942;
- Спу́тник V - 500;
- AstraZeneca – 95 адам эмдөөдөн өткөн.

Вакциналардын эки дозасы менен жалпы 4 миң 446 жаран эмделген.

Пикир

Оставить комментарий