• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талас облусунда 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландар каралды.

«Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», - деди Эдил Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. 2022-жылы 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.

Пикир

Оставить комментарий