• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда 4 ай ичинде өрттүн саны 41,8 пайызга азайган - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4 айында Талас облусунда 32 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу (2019-жылы 55 өрт кырсыгы катталган) өрттүн саны 41,8 %га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен каза тапкан жана жабыркагандар катталган жок. Ал эми материалдык чыгым 2 млн 935 402 сомду түзгөн. 16 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 50 %ын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 60%;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 61,9 %;

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16,7%;

- балдардын от менен ойноосуунан – 16,8 %, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт: Талас шаары - 10, Талас району - 4, Манас району - 7, Кара -Буура району - 9, Бакай-Ата району - 2.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

«Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз. Өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда 101, 112 кыска номерлерине чалыңыз, чалуу акысыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий