• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунда 95 киши обсервацияда жатат – облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Талас облусунда 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Ал билдиргендей, 20-майга карата облуста обсервациядан 603 адам, үй карантининен 3 миң 682 адам чыгарылган.

"Облус боюнча 4 миң 257 ПЧР-тест, 15 миң 335 экспресс-тест алынып, алардын баары таза чыккан. Бүгүнкү күнү 95 адам обсервацияда жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий