• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас облусунда абал туруктуу – Даир Кенекеев

Аймак 0

Бишкек, 17.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Талас облусундагы абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Даир Кенекеев билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 16-октябрда Таласта президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары көчөгө чыгып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразычылыктарын айтышкан.

Кенекеевдин айтуусу боюнча, бүгүн коомдук абал туруктуу, эч кандай митинг жана чогулуштар жок.

“Кечээ жүрүштүн алкагында эч кандай коомдук мыйзам бузуулар болгон эмес. Талапкердин тарапташтары Бабановдун штабынын лидери менен жолугушууну каалашкан. Мен өз кезегинде чогулган элдерге шайлоо ачык-айкын өткөндүгү тууралуу айттым. Таласта Бабанов үчүн 58%, Жээнбековго – 12% добуш беришкен”,-деди ал.

Эске сала кетсек, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Болжолдуу жыйынтыктар боюнча Сооронбай Жээнбеков 54% добуш алып, жеңишке жетти, Бабанов – 33,7% добушка ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий