• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облусунда чабандар 25-майдан тарта жайлоолорго чыга баштайт – облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Талас облусунда чабандар 25-майдан тарта жайлоолорго чыга баштайт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, былтыртан баштап 25-майдан тарта жайлоого көчүүгө уруксат берилген. Андан мурда жарандар каалаган убакта жайлоого көчүп кетчү.

"Себеби, мурдагы жылдары жайлоодо жаан жаабай чөп жакшы чыга электе малдар барып, чөптү тебелеп салчу. Жайытка чыгып жатканда малчыларда ветеринардык маалымкат болушу керек. Эл жайлоого чыга баштаганда Талды-Булакта ветеринардык пост иштеп баштайт. Малчылар посттон ветеринардык маалымкатын, жайыт картасын көрсөтүп өтөт. Чаткалга жайлоого бара жаткан жерде да ветеринардык пост коюлат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий