• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 27.06.20 /Кабар/. Талас облусунун аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-июнда Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Жоон-Дөбө айылынын ички жана борбордук көчөлөрүнө жана Ч.Түлөбердиев атындагы лицейдин (обсервация) айланасына, жалпы 120 000 м2 аянтка 47 кг хлор аралашма суу чачылды. Ошондой эле, Көк-Ой айыл аймагындагы Көк-Ой айылынын 4 көчөсү, 160 000 м2 аянт 70 кг хлор аралашма суу менен залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий