• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда эки күндүк рейддин алкагында 13 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен 2021-жылдын 10-11-ноябрь күндөрү облустун аймагында «Мал ууру» жана «Автоиздөө-Касапчы» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө ар бир мал уурулук фактысы боюнча кошумча иш-аракеттер белгиленип, ошондой эле катталган жол унаа кырсыктарына тиешелүү фактыларды аныктоо, айдап качуу кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кошумча иш-аракеттерге тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Аталган иш-чаралардын негизинде облус аймагында жайгашкан мал базарлар, мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар жана автоунаа оңдоочу, автоунаа тетиктерин сатуучу жайлардын ээлери менен аалдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, рейд учурунда мурда болгон ар кандай маанидеги 13 кылмыштын бети ачылган. Рейд учурунда алдамчылык боюнча 7, уурулук боюнча 3 факты аныкталган жана издөөдө жүргөн 2 жаран кармалган, 1 жол кырсыгы жана жалпысынан 150 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан КРнын Бузуулар кодексинин негизинде 50 протокол толтуруп, мас абалында унаа башкарып жүргөн 2 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий