• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда электр энергиянын өчүү графиги жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Талас электр тармактар ишканасы облустагы электр энергиянын өчүү графигин жарыялады.

Катуу суукка байланыштуу электр энергияны керектөө күндөн-күнгө өсүп жатат. Абоненттер турак жайларын жылытуу максатында колдонулган электр приборлору, көп сандагы турмуш-тиричилик техникалары электр энергиясынын төмөнкү себептер менен үзгүлтүккө учурашына себеп болууда:

- 6-10/0,4кВ чыңалуусундагы кабель жана аба чубалгылары, кубаттуулукка чыдабай күйүп, жарактан чыгууда.
- Трансформатордук көмөкчордондордо (6-10/0,4кВ) орнотулган өчүргүчтөр өз кубаттуулугуна жетип күйүүдө.
- Жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордо (220-110-35/6-10 кВ) орнотулган өчүргүчтөрү токтун күчүнүн номиналына жетип, электр жабдууларды сактап калуу максатында автоматика иштеп, өчүрүүлөр катталууда.

Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондору, Талас шаары боюнча жарыкка киргизилген чектөөнүн графиги:

Буга чейин башка аймактарда электр энергиянын өчүү графиги жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий