• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас облусунда "Элеттик жарандар" фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Талас шаарында "Элеттик жарандар" фестивалы өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин "Улуттук салт жөнүндө" жана "Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө" жарлыктарынын алкагында өткөрүлгөн.

Фестивалга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, КР пенсионерлер коомунун жетекчиси Замира Шабданалиева жана башкалар катышты.

Иш-чаранын алкагында 200дөй адам Талас облусунун облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынан К. Медетбеков атындагы драма театрына чейин жөө жүрүш менен өтүштү.

Иш-чаранын катышуучулары улуттук тамактарды даярдоодо өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, ошондой эле улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын бет ачарын көрсөтүштү..

Фестиваль маданий программа менен "Манас Ордо" улуттук комплексинде улантылды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, аталган фестиваль республиканын бардык облустарында өткөрүлөт. Эстафета Ысык-Көл облусуна берилди.

Пикир

Оставить комментарий