• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу - облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Талас облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун ооруканаларында коронавирус жуктурган 27 бейтап дарыланууда: алардын ичинен 23ү пневмония менен ооругандар, төртөө коронавирус жуктурган жарандар.

"Облус тургундарын санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз", - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдиргендей, пандемия башталгандан бери Таласта коронавирус жуктурган 1 миң 375 учур каталган: 193 учуру - лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирус, 1 миң 182си - клиникалык эпидемиологиялык жол менен тастыкталган учурлар (пневмония).

"Учурда 5 бейтап үй шартында дарыланып жатат", - деди ал.

Облус башчысынын айтымында, коронавирус жуктурган бейтаптардын ичинен 1 миң 173 киши оорудан айыгып чыккан, 65 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий