• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда "Юстиция үйүнүн" ачылышы өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда "Юстиция үйүнүн" ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, эми аймактык пробация органынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариус жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын адвокаттары калкты Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылындагы Кояшев көчөсүндө (райондук мамлекеттик администрациянын жанында) кабыл алышат.

Белгилей кетсек, 2021-жылы үч "Юстиция үйү" ачылды, бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жана экинчиси Ала-Бука айылында жайгашкан.

Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу шаарында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жана Нарын облусунун Чаек районундагы Чаек айылында дагы үч "Юстиция үйүн" курулууда. Баткен шаарында" Юстиция үйүн" куруу пландалууда.

"Бул обьектилердин курулушу өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларын зарыл болгон юридикалык жардам менен камсыз кылууга багытталган2, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, курулуш иштери КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 15-р буйругу (2021-жылга карата: 2021-жылдын 27-январындагы № 11-р) менен бекитилген 2020-жылдагы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмегине ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий