• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери жүргүзүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустун иммунологу Чолпон Сагындыкова билдирди.

Анын айтымында, облусу боюнча эмдөө кампаниясын тездетип, аны 90% ишке ашыруу зарыл. Учурда Таластагы айрым айыл өкмөттөр калкты эмдөө иштерин 60 пайызга аткарышкан.

“Быйыл календардык планга ылайык эмдөө иштерин өз учурунда баштаганбыз. Бирок COVID-19 илдети күчөп, июль айында калкты вакцинациялоо басаңдай түштү. Натыйжада Талас шаары боюнча 1 жаштагы балдар - 40%, 2 жаштагы балдар - 37%, 6 жаштагы балдар - 38% эмделип бүттү. Сентябрь, октябрь айлары Таластын жашоочуларынын 90 пайызын эмдөөгө аракет кылабыз. Учурда облус боюнча мобилдик топтор иштеп жатышат. Алар үймө-үй кыдырып, даректүү эмдөө жүргүзүшүүдө”, - дейт Талас облусунун иммунологу.

Ал кошумчалагандай, Талас облусунун жашоочулары эмдөө кампаниясын түшүнүү менен кабыл алып, иммунопрофилактикалык иш-чараларга активдүү катыша баштаган.

Пикир

Оставить комментарий