• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунда кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунда кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Заводдун ачылышы кечээ, 2-декабрь күнү болуп өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, айыл чарба министри Эркинбек Чодуев, Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев катышкан.

Заводдун директору Жанат Сакеевдин айтымында, ал заводду 2017-жылы сатып алган. Ал үчүн Сакеев Айыл чарба министрлигинин көмөгү менен Айыл банктан 9 млн сом насыя алган. Заводду сатып алууга жалпы 29 млн сом кеткен.

Пикир

Оставить комментарий