• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Таласта контрабандалык күйүүчү-майлоочу каражаттар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Талас облусунда контрабандалык күйүүчү-майлоочу каражаттар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-мартында КР УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кызматкерлери Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Талас облусунда күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча оор жүк ташуучу (бензовоз) унааны кармады.

Такталгандай, коштомо документтерге ылайык, ички күйүүчү кыймылдаткычтарга арналган жеңил көмүртектердин аралашмасы түрүндөгү күйүүчү май компонентиндеги жүк, Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок, көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынан (234-чакырым) кармалган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшүүдө. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий