• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облусунда коронавируска каршы күрөштө 107 дарыгер жетишпейт

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда коронавируска каршы күрөштө 107 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда 251 дарыгер иштеп жатат. “Күзүндө пандемиянын экинчи толкуну боло турган болсо, анда биз ага алдын ала даярданышыбыз керек. Медкызматкерлер аз, медициналык окууларды өткөрүшүбүз керек”, - дейт ал.

Мураталиев Талас облусундагы медкызматкерлердин айлык акысы убагында төлөнүп берилип жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий