• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунда мал базарлар 23-майдан тарта иштей баштайт – Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Талас облусунда мал базарлар 23-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

"Бул аптада мал базарлар иштей баштайт. Мал базарлар алтынчы күнү өткөрүлөт. Мурда бешинчи күнү бир жерде, алтынчы күнү бир жерде, базар күнү Талас шаарында өтчү. Азыр мал базарлар алтынчы күнү гана иштейт. Мал базарларда тамак сатылбайт. Мал базар өткөрүлө турган күнү эртең менен саат 04:00дө Таластагы төрт мал базарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат", - деп, ал коронавирус жок болгонго чейин мал базарлар алтынчы күнү гана иштей турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий