• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунда милиция кызматкерлерине тарбиялык сабактар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине мыйзамдуулукту жана кызматтык этиканы сактоо максатында үгүт иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жетекчилик тарабынан буйруктар чыгарылып, кадрлар бөлүмү тарабынан атайын эскерткич китепчелер даярдалуу менен тарбиялык сабактар уюштурулду.

19-20-май күндөрү Талас шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүндөрүндө ОИИБнин жетекчилик курамынан турган атайын жумушчу топтор түзүлүп, графиктин негизинде аймактарда иш алып барышты.

Жолугушууда жарандарга сылык мамиле кылуу жана кызматтык форманы талаптарга ылайык кийип жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ИИМдин буйруктары жана талааптары жеткирилип, милиция кызматкерлеринин арасындагы моралдык-психологиялык климатка таасир эткен учурлар талкууланды. Кызматтык тартиптин эрежелери, кара күчтү, атайын каражаттарды, курал-жарактарды туура колдонуу тактикалары эскертилди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери эң биринчи мыйзамдуулукту сактап, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо экендиги баса белгиленди.

Ардагерлер дагы бул иш чарага активдүү катышып, өздөрүнүн акыл насааттарын жана кызматтык тажрыйбаларынан бөлүшүштү.

Кызматкерлер тарабынан ар кандай багытта суроолор берилип, жооптору алынды. Бул иш чара жер-жерлерде ар бир дүйшөмбү күн сайын мамлекеттик тууну көтөрүүдөн кийин эскертүү ирээтинде айтылып туруу тапшырмалары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий