• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунда облустук предметтик олимпиада аяктады

Аймак 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Талас облусунда предметтик олимпиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага жалпы билим берүүчү мектептерден, гимназия, лицей жана жатак мектептерден 12 команда катышты. 108 катышуучу жеңүүчү катары аныкталып, грамоталар менен сыйланышты. 34 окуучудан турган команда Республикалык олимпиадага катышат. Ошондой эле, квотадан тышкары “Манас Ата Себат” лицейинин 11-классынын окуучусу Мелисов Даян биология боюнча катышат.

Пикир

Оставить комментарий