• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облусунда президенттик шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жыйыны болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Талас облусунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамыткановдун төрагалыгында мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, көчмө жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүгө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, шайлоо күнү добуш берүү тилкелеринде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында эпидемиологиялык көзөмөлдү туура жүргүзүү керек.

«Шайлоону уюштурууга тартылган адамдарды алдын-ала жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, аймактын жашоочулары менен социалдык аралыкты жана санитардык ченемдердин сакталышы боюнча кеңири түшүндүрмө берүү үчүн жолугушууларды өткөрүү керек», - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Ал ошондой эле шайлоо участкаларында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине кенен токтолду.

«Укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүшү керек, шайлоо участкаларындагы кичинекей мыйзам бузуулар дагы токтоосуз каралышы зарыл. Биз ачык-айкын шайлоону камсыз кылышыбыз шарт», - деди вице-премьер-министр.

Соңунда Максат Мамытканов бардык жооптуу адамдар, анын ичинде шайлоо процессин уюштурууга катышкан мамлекеттик ведомстволордун башчылары, бардык иш-чаралардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти аларын белгиледи.

«Бүткүл дүйнө жүзү Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, шайлоону жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүүгө милдеттүүбүз. Анын таза жана ачык-айкын өтөөрүнөг эч ким шек санабашы керек. Бул үчүн күч-аракетти максималдуу түрдө жумшоо зарыл», - деп вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий