• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облусунда өрттүн саны 35,7% пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 ай ичинде Талас облусунда 54 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 84), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 35,7% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болгон материалдык чыгым 3 млн 926 миң 354 сомду түздү. (2019-жылы 2 млн сомдон ашык - 50,6% көбөйгөн). Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, жабыркагандар 1 адам, (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн 1 адамдын өмүрү жана 97 млн 660 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2019-жылы 51403000 сом)

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 19 (35,2%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (9,3%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 12 (22,2%);

- балдардын от менен ойноосуунан – 7 (13%).

Өрттөн болгон негизги объектилер:

  • турак жай сектору-39 (72,2%)
  • унаа, гараж, турук (стоянка)- 8(14,8%)
  • кампалар, соода бөлмөлөр-2(3,7%)
  • ачык аянттар-1 (1,9%)

Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:

- Талас шаары - 15;

- Талас району - ​ 8;

- Манас району - ​10;

- Кара-Буура району - 14;

- Бакай-Ата району – ​ 7 өрт катталган.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда 39 өрт (2019-жылы 53 өрт). Өрттөн каза тапкандар жок. Жалпы 54 өрт кырсыктарынын 39 өрт турак жайларда 72,2%.

Пикир

Оставить комментарий