• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талас облусунда өрттүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 44,3 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Талас облусунда 64 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрттүн саны – 44,3% азайган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, өрттөн бир адамдын өмүрү сакталып калынган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 24 (37,5%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (7,8%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 13 (20,3%);

- балдардын от менен ойноосуунан – 9 (14,1%)

Өрттөн болгон негизги объектилер:

- турак жай сектору-44 (68,8%)

- унаа, гараж, турук (стоянка)- 11(17,2%)

- кампалар, соода бөлмөлөр-2(3,1%)

- ачык аянттар-2 (3,1%)

Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:

- Талас шаары - 15;

- Талас району - ​ 10;

- Манас району - ​14;

- Кара-Буура району - 17;

- Бакай-Ата району – ​ 8 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий