• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Талас облусунда санитардык-карантиндик посттор күнү-түнү иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Талас облусунда санитардык-карантиндик посттор күнү-түнү иштөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу максатында облуска кирген жерлерде 2 санитардык-карантиндик пост жана райондордун чектешкен жерлеринде 4 пост коюлган. Ошондой эле ар бир айыл өкмөттө фильтрациялык посттор орнотулуп, ал жерде ыктыярдуу кошуундар менен жергиликтүү милиция кызматкерлери биргеликте иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ар бир постто жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери биргеликте күнү-түнү текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий