• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас облусунда төө буурчак аянттары бара-бара кыскартылат

Аймак 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Таластагы айдоо аянттары жыл сайын төө буурчак эгүүгө байланыштуу массалык түрдө уулануунун акыркы стадиясында турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жер иштетүү саясаты боюнча башкармалык башчысы Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, бир түрдөгү өсүмдүктөрдү айдай берип, өлкө боюнча көйгөй пайда болууда.

“Бизде Чүй облусунда кызылча менен ушундай болгон. Анда жерлер ууланган. Азыркы учурда мындай коркунуч Талас облусунда болууда”,-деп билдирди ал.

Жумалиев билдиргендей, ага байланыштуу Талас облусундагы төө буурчак айдоо аянттарын акырындык менен кыскартуу каралууда. Ал маалымдагандай, 2014-жылы бүтүндөй өлкө боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.

“Ал иликтөөлөргө ылайык, төө буурчак тоолуу аймактарда жакшы өсөт экендиги аныкталган. Бул Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу тилкелери жана Ысык-Көл облусунун Аксуу району. Ошондой эле Чүй облусу да туура келет. Биз учурда төө буурчакты башка аймактарга өстүрүүнү, ал эми Таласка болсо кызылча же мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүүнү пландап жатабыз. Анткени, жер түшүм бербей жатат”,-деп кошумчалады ал.

Андан тышкары Жигиталы Жумалиев билдиргендей, учурда селекцияны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тендин айтымында, учурда дүйнөдөгү эң мыкты делген төө буурчактардын сортторун тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал ошондой эле айдоо аянттары чындыгында эле оор абалда экендигин кошумчалады.

“Акыркы изилдөөлөр боюнча Таластагы жерлердин уулануусу 30% түзөт. Экспертиза Швейцарияда жүргүзүлгөн”,-деди Тен.

Пикир

Оставить комментарий