• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Талас облусунда табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары эки багытта жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Талас облусунда табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары эки багытта жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустагы 212 турак жай, 4 соц объект 500га айдо жер аянты табигый кырсыктардан корголот.

"Табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштары эки багытта жүрөт. Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу", - деп айтылат маалыматта.

Алсак, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылындагы “Калинин" сел өткөрүүчү каналынын 800 метр аралыгында механикалык тазалоо иш-чаралары башталды. ӨКМдин 2020-жылга атайын алдын алуу жана кесепетин жоюуу иш-мерчемине бекилип, 2020-жылдын 21-апрелинен тартып КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалга чара көрүү Түндүк борбору тарабынан техникалар бөлүнүп, механикалык тазалоо иш-чаралары башталды. Бүгүнкү күндө Калинин сел өткөрүүчү каналынын жалпы 710 метр аралыгы (4260м3) механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлүп, иш-чара улантылууда", - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий