• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облусунда "Талас-Атлас" салгылашуусуна арналган эстелик орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. 2021- жылдын 27-майында Талас облусуна караштуу Манас районунун Покровка айылында "Талас-Атлах" салгылашуусуна арналган эстеликти ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Нарбеков, Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Б. Дүйшөбаев, "KOICA" эл аралык онуктуруу агенттигинин өкүлү Ли Жунг Су ,"МДК Силк Роуд" уюмунун жетекчиси Чу Санг Хун Кэ, жергиликтүү аксакалдар, тарыхчы-археологдор, Кыргыз Республикасынын туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Н. Сапаров катышты.

"Талас-Атлах "салгылашуусу дүйнөлүк мааниге ээ. Ошондуктан бул иш-чара жаӊы туристтик маршруттарды, туристтик продуктыларды түзүүгө, ички жана чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, алардын келүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бул долбоор Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюму тарабынан ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий