• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облусунда туризм тармагын өнүктүрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Талас облусунда туризм тармагын өнүктүрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, келген туристтер үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө.

"Келген туристтерге жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Быйыл биз чет элдиктер менен сүйлөшүү жүргүзүп, алар келерки жылы облуска Германиядан 1 миң туристти чакырышарын айтышты", - деди Мураталиев.

Мураталиев белгилегендей, жыл сайын "Манас-Ордо" улуттук комплексине 120 миң адам келсе, алардын 5%ын чет элдиктер түзөт.

Пикир

Оставить комментарий