• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт. Даярдык аяктады

Спорт 0


Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт. Учурда даярдык толугу менен аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директордун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук көчмөндөр оюндарына спорттун 10 түрү кирди: ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөш, алыш күрөш, ордо, тогуз коргоол жана салбуурун.

"Биз оюндарга даярдыкты аяктадык. Учурда мандаттык комиссиянын иши башталууда. Өлкөнүн 7 облусунан жана 2 шаарынан командалар түзүлдү. 16-сентябрда эрте менен иш-чараны баштайбыз. Көк бөрү узакка созулган оюн болгондуктан алгач ошол оюндан башталат. Ага жалпы жонунан 9 команда катышат", - деди Арпачиев.

Улуттук көчмөндөр оюндарына 621 адам, 63 калыс жана 23 уюштуруу комитети катышат. Оюнга 200дөй ат тартылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Нуржигит Кадырбеков, ар бир облуст өзүнүн театрлаштырылган көрсөтүүсү менен келээрин айтат.

"Ар бир облусттан келген коноктор өзүнүн аймагынын өзгөчөлүгүн тартуулашат. Маселен, Баткен облусу Айгүл гүлү тууралуу, Нарын Таш-Рабат, Ош Сулайман-Тоо сыяктуу өздөрүн тартуулашат. Аны менен бирге, тамак-аш, кийим, боз үй кооздугу боюнча конкурсттар уюштурулат. Эркектер жана кыздар арасында боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлөт", - деп билдирди Кадырбеков.

Маданий бөлүгү, этношаарча, этнобазар жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинде өтөт.

Маалымат жыйындын катышуучулары белгилегендей, көчмөндөр оюндарында ачылыш жана жабылыш аземдери өткөрүлбөйт.

Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары 16-21-сентябрь күндөрү Талас облусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий