• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облусунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Талас облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 3-ноябрь күнү саат 23:37де Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Талас районунун Кара-Суу, Көк-Кашат, Калба, Ак-Сай, Чат-Базар, Кызыл-Туу, Ак-Жар, Таш-Арык, Орто-Арык, Огонбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий