• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облусунда жыл башынан бери өрттүн саны 42 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11 ай ичинде Талас облусунда 117 өрт кырсыгы катталган (2019-жылы 202 учур). Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 42%га азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгым 9 млн 397 мин 325 сомду түздү. Тилсиз жоодон каза болгондор жок. Өрттөн бир адамдын өмүрү жана 82 баш үй жаныбарлары сакталып калынган. Андан тышкары, 130 млн 890 миң товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 35 (29,9%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9 (7,7%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 21 (17,9%);

- балдардын от менен ойноосунан – 24 (20,5%).

Өрттөн болгон негизги объектилер:

- турак жай сектору – 87 (74,4%);

- унаа, жана унаа токтоочу жай – 18 (15,4%);

- кампалар, соода бөлмөлөр – 2 (1,7%);

- ачык аянттар – 3 (2,6%).

Пикир

Оставить комментарий