• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусундагы энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. "Улуттук энергохолдинг" башкармасынын төрагасынын орун басары Замир Ходжомамбетов баштаган жумушчу топ “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК жана “Түндүк электр” ААКтын объектеринин күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү менен таанышуу мактасында Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусун кыдырган иш сапардын жүрүшүндө жумушчу топко аткарылган даярдык, оңдоп-түзөө иштер боюнча, облуста жайгашкан көмөк чордондордун иштөө шарттарын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында негизги жабдууларды алмаштыруу жана реконструкциялоо иштери жөнүндө маалымат берилди.

Жумушчу топ алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жетиштүү жана тиешелүү иштер жүргүзүлбөгөндүгүн, “Түндүк электр” ААКтын Таластагы филиалынын ремонт өнөктүгүнө көзөмөлү төмөн экендигин белгиледи.

Маалыматты уккандан кийин Замир Ходжомамбетов жабдууларды коопсуз жана ишенимдүү иштетүү, керектөө лимиттерин сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу боюнча чараларды көрүү боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында “Түндүк электр” ачык акционердик коому, Талас облусу боюнча 6-10 / 0,4 кВ чыңалуудагы кошумча 7 комплекстүү трансформатордук көмөк чордон орнотууну 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 4 көмөк чордонду алмаштырууну, 50,0 км узундуктагы 10-0,4 кВ электр берүү чубалгыларын курууну жана реконструкциялоону, ошондой эле 0,4 кВ аба чубалгысын 36,6км узундуктагы өзүн-өзү камсыз кылган зымга алмаштырууну камсыз кылышы керек.

Ошондой эле 35 кВ жана 202 6-10 / 0,4 кВ чыңалуудагы 2 комлекстүү трансформатордук көмөк чордон, 488,2 км узундуктагы 6-10-0,4 кВ электр берүү чубалгыларын жана 23,4 км узундуктагы 35 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүүсү зарыл. Бул иштерге 60,4 миллион сом өлчөмүндө каражат пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий