• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусундагы Көк-Ой айылында 320 орундуу жаңы оорукана курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде президент Сооронбай Жээнбековдун Талас облусуна иш сапары менен келиши кандай жыйынтыкка алып келгенин айтып берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, өлкө башчы облустагы багбанчылык, Таш-Арык айылындагы жаңы бала бакчанын бүтүшү жана күндүзгү стационардын абалын көрүп чыкты.

“Президент эки жыл мурун башталган бала бакчанын бүтүшү менен таанышып чыкты. Ал бала бакча 240 орундуу жана облустагы эң алдыңкы мектепке чейинки билим берүү мекемеси болду. Ошол эле учурда Таластагы күндүзгү стационарга барып, ал жерде дарыланып жаткан бейтаптын абалын көрүп чыкты”, - дейт ал.

Мураталиев белгилегендей, президент Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.

“160 орундуу борбор Советтер союзу тарагандан бери кароосуз калган. Өлкө башчы аталган үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышып, акча каражатын бөлүп берди. Ишемби күндөн баштап ал жерде иш башталды. Аны 25-августка чейин 320 орундуу борбор кылып бүтүрүү пландалууда”, - деди облус жетекчи.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 23-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган.

Пикир

Оставить комментарий