• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облусундагы облустук жана райондук ооруканалар капиталдык оңдоодон өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. «Мамлекет тарабынан социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз аларды этабы менен өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков. Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт башчы Талас облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын айтымында мектеп жана мектепке чейин билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулган болсо, азыркы тапта саламаттыкты сактоо тармагына басым жасалууда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Талас облустук ооруканасына барып, андан кийин Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө барды. Ошондой эле Өкмө башчы Талас районунун Жон-Арык айылындагы жана Кара-Буура районунун Каныш-Кыя айылындагы бала бакчалардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан кийин ошол эле Кара-Буура районундагы орто мектептин абалын көрдү.

Медициналык мекемелерди кыдыруу маалында Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Премьер-министрге Талас облустук жана Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү канаттандырарлык абалда эмес экенин билдирди. Буга байланыштуу жыл сайын аларды жеңил оңдоодон өткөрүү үчүн 10-15 күнгө жабууга туура келип, жыйынтыгында бейтаптардын дарылануусу үзгүлтүккө учурап жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы типтүү имаратын куруу үчүн долбоорлук сметалык документ иштерин иштеп чыгууну, ал үчүн керектүү акча каражатын бөлүүнү тапшырды. Мындан сырткары Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Талас облустук ооруканасын курууга канча каражат кетери тууралуу акт түзүү милдеттендирилди.

Ошондой эле Премьер-министр, Өкмөт тарабынан өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра-кайтаруу боюнча алгылыктуу иштер жасалганын эскертти. Сооронбай Жээнбеков билим берүү адамдардын өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп эсептелерин баса белгиледи. Буга байланыштуу Өкмөт билим берүү программаларын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга билим берүү мекемелеринин курулуш иштерин жана бул багыттагы тиешелүү иш чараларды ушул жылдын аягына чейин убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий