• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусундагы “Сарымсак” каналын 2021-жылдын экинчи чейрегинде ишке берүү пландалууда – Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Талас облусундагы “Сарымсак” каналын 2021-жылдын экинчи чейрегинде ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, “Сарымсак” каналынын сметалык баасы 600 млн сомду түзөт.

“Бүгүнкү күнгө карата анын 65 млн сом каражаты иштетитилди. Ал 2022-жылы ишке берилиши керек болчу. Кудай буйруса 2021-жылдын экинчи чейрегинде “Сарымсак” каналы ишке берилет. Ал каналдын аркасы менен 2 миң гектар жаңы сугат жери пайда болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий