• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облусунун аймагында “Өспүрүм-түн” аталыштагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-июлунан 23-июлуна чейин Талас облусунун аймагында өткөн “Өспүрүм-түн” аттуу алдын алуу иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Талас ОИИБнын, ШРИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, саламаттыкты сактоо министрлигинин, КР өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмүнүн, балдар менен иштөө комиссиясынын, аймактык үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, билим берүү мекемелеринин жана башка коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

“Өспүрүм-түн” иш-чаранын жүрүшүндө Талас ОИИБнын жана ШРИИБнүн 115 кызматкери жана коомчулуктун 23 өкүлү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирдикте иш алып барышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайларда, тамак-аш тейлөө пунктарында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете электерди, аларга тыюу салынган же чектелген жерлерди, өспүрүмдөрдүн коомго сыйбаган жүрүм-турумунун себептерин аныктоо максатында Талас облусунун аймагындагы коомдук жайларда жана көчөлөрдө жайгашкан 10 компьютердик клубтар, 53 соода-саттык түйүндөрү, парктар, кафелер жана башка коомдук жайлар текшерилип, текшерилген жерлерде ата-энеси жана мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн 75 жашы жете электер аныкталып, аныкталган жашы жете электердин арасында алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүп, ШИИРБнө алып келинип, ата-энелерине тапшырылып берилди",-деп айтылат маалыматта.

Жашы жете электердин ата-энеси жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн учурлар боюнча жиберилген маалымат-34, анын ичинен үй-бүлөнү жана балдарды коргоо органдарынын өкүлдөрүнө-7, билим берүү мекемелерине-11, балдар комиссиясына-10 жана башка мекемелерге-6 маалыматтар жиберилип.

Ошондой эле жашы жете электерге, алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата Талас ШРИИБнүн ЖЖИнын инспекторлору тарабынан 14 протокол түзүшкөн.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайларды, тамак аш тейлөө пунктарын, соода-сатык түйүндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча жана соода-сатык түйүндөрүндө жашы жете элек өспүрүм балдарга энергетикалык, спирт ичимдиктерин, тамеки, насывайларды сатпоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий