• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунун Арал айылындагы мектептин курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Талас облусунун Талас районунун Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы мектептин курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайк, мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Жаңы мектеп 2 кабаттуу үч окуу корпустан, спорттук залдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 3397 чарчы метрди түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 450 окуучу орунга эсептелген. Долбоор боюнча объектиде салтанаттуу чогулуш ѳткѳрүлүүчү залы жана ашкана дагы каралган.

Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 85% түзөт. Окуу корпустун курулуш жумуштары аягына чыкты, дубалдардын ички жасалгалоо жумуштары аткарылууда, полдорду орнотууга даярдыктар көрүлүп жатат. Спорттук залдын, откананын жана башка кошумча курулмалардын курулуштары бүткөрүү алдында турат.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 106 млн 771 миң 521 сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн 36 млн 296 миң 800 сом бөлүнгөн. Объектти 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий