• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунун башчысы: Облус боюнча обсервацияда 19 адам жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча обсервацияда 19 адам жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын маалыматына таянсак, 14-май саат 08:00гө карата Талас облусунда коронавирус илдети катталган жок.

"Бүгүнкү күндө облустун ооруканаларындагы жугуштуу бөлүмүндөрүндө 4 изолятор жана 64 керебет даярдалган. Ошондой эле облус боюнча саалматтык сактоо жана билим берүү мекемелеринде обсервациялык орундар кошумча 858 керебет даярдалган. Облус боюнча обсервациядан чыккандардын саны 538, карантинден чыккандардын саны 3 миң 76 адамды түзөт", - дейт ал.

Мураталиев кошумчалагандай, Талас облусу боюнча жалпы 3 миң 94 ПЦР-анализ жүргүзүлүп, баарынын жыйынтыгы терс болуп чыккан.

"Ошондой эле 14 миң 137 экспресс-тест алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты. Учурда Талас облусунда обсервацияда 19 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ни түзөт. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий