• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талас облусунун башчысынын кеңешчиси велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жүк ташуучу унаа менен кагылышкан

Коом 0


Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 30-июль күнү болжол менен саат 17:30да Көк-Токой айылында "Тойота Форанер" унаасынын 53 жаштагы Ш.М. аттуу айдоочусу жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин "Мерседес Бенц" жүк ташуучу унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын жыйынтыгында 26 жаштагы А.А. аттуу жаран (велосипедчен адам) аймактык ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Башкармалыктан белгилешкендей, автоунаалар айып аянтчасына коюлуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы Ш.М. аттуу айдоочу мас болгонун көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий