• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен мектеп окуучуларына атайын ачык эшик иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Шукурбек Кушбеков мектеп окуучуларын өткөрүү көзөмөл пунктунда тосуп алып, милиция кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруудан баштады.

Аталган иш-чара Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан жылына өткөрүп келет. Бул иш-чаранын максаты жаш муундардын патриоттук ой-сезимин жогорулатуу жана милиция кызматкерлерине болгон ишенимди күчөтүп, ошондой эле милициянын кадыр-баркын жогорулатуу.

Мектеп окуучулары милиция кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, кызматтарга кызыккан суроолорун узатышып, жоопторду алышты.

Иш-чаранын аягында КР ИИМнин Талас облусу боюнча “Шумкар” атайын багытындагы полкунун кызматкерлери даярдаган көрсөтмөсүнө катышты. Окуучулар иш бөлмөлөрдү көрүшүп, милициянын кызматына болгон кызыгуулары артып, кыялдануу менен тарашты.

Пикир

Оставить комментарий