• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунун калкынын 45 пайызы COVID-19га каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, республиканын аймагындагы, атап айтканда, Талас облусундагы вакцинациялоо кампаниясынын, ошондой эле COVID-19 пандемиясы шартында окуу процессинини жүрүшү талкууланды.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча COVID-19га каршы вакцинациялоо үчүн максаттуу топ болжол менен 92 миң 209 адамды түзөт, анын ичинде 45 %ы биринчи доза менен эмделген, ал эми калктын 30,4 %ы иммундаштыруунун толук курсунан (биринчи жана экинчи) өткөн.

Жылдыз Бакашова калкты COVID-19дан вакцинациялоо процессин тездетүү зарылдыгын билдирип, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Талкуу жүрүшүндө саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев белгилегендей, курмандыктардын санына өнөкөт оорулардын болуусу өз таасирин тийгизүүдө (каза болгондордун 73%ы өнөкөт оорулары болгон), жашы боюнча (50 жаштан жогорку топтогулар төмөнкү курактагыларга салыштырмалуу 8 эсе жогору) жана жынысы боюнча (аялдарга салыштырмалуу эркектер арасындагы өлүм 1,8 эсеге жогору). Каза болгон бейтаптардын арасында эң көп таралган өнөкөт оорулар COVID-19 менен жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана бөйрөк оорулары болгон.

Белгилей кетсек, өлүмдүн 99%ы COVID-19га каршы эмделбеген адамдарга туура келет.

Мындан тышкары, жумушчу сапар алкагында облустун саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Чарбалык жана уюштуруу маселелери, медициналык мекемелердин бир катар бөлүмдөрүнүн көйгөйлөрү талкууланып, ошондой эле аларды керектүү жабдуулар менен камсыздоо темасы да козголду.

Дарыгерлердин сунуштарын жана каалоолорун карап чыгып, тыкыр изилдөөнү талап кылган темалар боюнча көптөгөн маселелер жеринде чечилди, жергиликтүү бийлик органдарына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана башка ыйгарым укуктуу органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий