• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облусунун кросс боюнча чемпионаты өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кечээ, 4-мартта Талас районун Кумарык айылындагы К. Нурбеков атындагы орто мектебинин стадионунда Талас облусунун кросс боюнча чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чаранын ачылышына Талас облустук жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси Жолдошбек Жанузаков, Талас облусунун жеңил атлетика федерациясынын президенти Керим Өмүралиев жана машыктыруучулар катышты.

Чемпионатка Талас облусунун 4 районунун жана Талас шаарынын жалпы 90дон ашык спортчулары катышты.

Оюндун жыйынтыгы менен өспүрүмдөр арасында 1 миң метрге:

1-орун – Кузиев Арсен (Бакай-Ата району)

2-орун – Мелисеев Арген (Талас району)

3-орун - Сыртбаев Эржан (Талас шаары)

Өспүрүмдөр арасында 2 миң метрге:

1-орун – Нурболот уулу Айдар (Талас району)

2-орун – Дооронбаев Ырысберди (Талас шаары)

3-орун - Калдыбаев Искендер (Талас шаары)

Өспүрүмдөр арасында 6 миң метрге:

1-орун – Нукешов Таштанбек (Талас шаары)

2-орун – Анарбаев Мирхат (Манас району)

3-орун – Базаралиев Келсинбек (Талас району)

Чоңдор арасында 6 миң метрге:

1-орун – Жекшеналиев Тилек (Талас шаары)

2-орун – Харбозов Нагыз (Талас шаары)

3-орун – Табалдиев Адилет (Талас шаары)

Кыздар арасында 1 миң метрге:

1-орун – Токторалиева Сырга (Талас шаары)

2-орун – Масалбекова Нурайым (Талас району)

3-орун – Рыскелдиева Касина (Талас району)

Кыздар арасында 2 миң метрге:

1-орун – Болотбекова Нурдана (Талас шаары)

2-орун – Акманова Каныкей (Талас шаары)

3-орун – Анархан кызы Жанара (Талас району)

Кыздар арасында 3 миң метрге:

1-орун – Сүюналиева Гүлбагыш

2-орун – Күмүшбек кызы Майрам

3-орун - Орозбекова Калия (Талас шаары)

Командалык эстафета оюну боюнча:

Кыздар арасында:

1-орун - №3 орто мектеби

2-орун – Талас шаары

3-орун – Манас району

Балдар арасында:

1-орун – Талас шаары

2-орун – Үч-Эмчек айылы

3-орун – Манас району

Пикир

Оставить комментарий