• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас облусунун Покровка айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында Сауд өнүгүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен Жайылган атындагы жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп 150 окуучулук орунга эсептелген, анын курулушунун жалпы баасы 739 314 АКШ долларын түзөт.

Бүгүнкү күндө объектиде кирпич салуу боюнча иштер жүргүзүлүп, биринчи кабаттын монолиттик колонналары бетондолууда.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу жаңы форматта жүргүзүлүп жатат, анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, актовый залы жана ашкана менен спорт залы курулат.

Пикир

Оставить комментарий