• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облусунун прокурору Кыргызстандын бизнес-омбудсмени менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Талас облусунун прокурору Гүлмира Кашкарованын Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит жана анын орун басары Нурлан Мусуралиев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, КР президенти тарабынан мамлекеттин ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында 2021-жылдын 29-январында «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» №3 жана 2021-жылдын 4-мартында «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №61 Жарлыктарына кол коюлган.

Жолугушуу учурунда тараптар прокуратура органдарынын жогорудагы Жарлыктарды аткарууга жана региондогу ишкерлерди коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө байланыштуу чаралар талкууланып, көзөмөл органынын көңүлүн бул багытта алдын ала иштерди жүргүзүүгө буруу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.

Ошондой эле, облустун прокурору тарабынан бизнестин өкүлдөрүнүн ар бир кайрылуусу көзөмөлгө алынып, анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдын талабына ылайык чечимдер кабыл алынып келгендигине бизнес-омбудсмендин көңүлү бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында облустун прокурору КРнын бизнес-омбудсмени өлкөбүздөгү инвестициялык климаттын жакшыртуусуна багытталган ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, облустук прокуратура органы мындан ары да бул институт менен кызматташуусун өнүктүрө тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий