• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облустук милициясы ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Талас облустук милициясынын жетекчилиги 7-ноябрь - Басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнүнө карата облустагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул майрамдык иш-чарада Марлис Асанов ИИМдин атынан “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдарды, Ардак грамоталарды жана Талас ОИИБнин атынан Ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды, белектерди тапшырып, келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктады.

“Заманыбызда илим технологиянын өнүгүүсү күчөп жаткан учурда сиздер аркылуу журттун калың катмарына маалымат жеткирип жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуп кылмыштуулук менен күрөшүп, алдын алуу иштерди аткаруудабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарыбыздын маданий жана рухий өнүгүүсүнө таасир этсе болот. Алдыда дагы коомго пайдалуу көп иштерди аткарып, бирге элге кызмат кылабыз”, - деди Марлис Асанов.

Пикир

Оставить комментарий