• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас районунун Көк-Ой айылындагы үй-бүлөлүк медборбор инфекциялык ооруканага айланат, оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/.Талас облусуна караштуу Талас районунун Көк-Ой айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун имараты оңдолуп, чоң инфекциялык ооруканага ылайыкташтырылат.

Имараттын оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө. Объект 160 орундуу жана 5 блоктон турат.

Азыркы мезгилде демонтаж иштери аяктап (кыш тосмолору, эски эшиктер, терезелер), жылытуу системасы, электр тутумдары орнотулууда. Чатырдын эски шиферлери чечилип жыгач конструкциясынын жараксыз элементтери алмаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий